АТАН II
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бычылган, жүк жүктөөгө ж. б. жумуштарды аткарууга ылайыкталган төө. Жети атан комдотуп. («Семетей» С. К.). Карга бий атына минип, небересин алдына салып, атандын буйласын өзү жетеледи (Осмоналиев). Атан төө мас болсо, тайлак төө менен дос болот (макал). Жүктөөрүңө болсун деп, Комдолуу атан төө келди («Эл адабияты»).